Дарыяга агып кеткен 8 жаштагы кыздын сөөгү табылып, эне-бала изделүүдө

420

30-июнда Суусамырдагы Көкөмерен дарыясына агып кеткен унаанын ичиндеги үч адам табылып, эне-бала дайынсыз болууда.

Кечээ 4-июлда үй-бүлөнүн 8 жаштагы небере кызы табылды. Буга чейин өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев жана анын айдоочусунун сөөгү табылганын ӨКМден кабарлаган.

Молдакун Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-июлда саат 10.00дө Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач жаӊы конушундагы Л.Толстой көчөсү №39-к (Оберон көчөсү менен кесилишет) дарегинде өтөт.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь