Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин ЗАГС бөлүмүнүн 126 кызматкери акыйкатчыга кайрылды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматтарга караганда, алар бирдей айлык акы алуу укугун коргоп берүүнү жана жетекчиликтин басымынан коргоону өтүнүшкөн. Өздөрү иштеген мекеме жетишерлик иштебей жатканын белгилешип, жумушту жакшыртуу боюнча сунуштарын айтышкан.
Ал эми акыйкатчы жамааттык арыз менен таанышып, маселени карап чыгуу үчүн мекемелер аралык комиссия түзүүнү өтүнүп, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кат жөнөттү. Тийиштүү комиссия түзүү Мамлекеттик экотехинспекциясына тапшырылды.
Мамлекеттик каттоо кызматы бул маселе такталып жатканын билдирди.