Кардашьяндын сүрөтүн колдонгондор айып төлөйт

197

Америкалык актриса, фотомодель Ким Кардашьян АКШдагы айымдардын кийимин тигүү менен алектенген Missguided компаниясын 2 миллион 700 миң доллар айыпка жыкты.

38 жаштагы фотомодель Missguided компаниясын сүрөтүн, атын социалдык тармактарда мыйзамсыз колдонгонун айыптап сотко берген.

Алгач Ким Кардашьян компаниядан 5 миллион доллар талап кылган. Анын айтымында, ал Instagram баракчасынан ар бир пост үчүн 300-500 миң долларга чейин акча табат. Ал менин атымды колдонуп компания көп эле акча тапты деген пикирде. Соттун чечими менен Missguided бренди Ким Кардашьянга 2 миллион 700 миң доллар компенсация төлөп бермей болгон.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь