Классташтар унаалары менен Чычкан суусуна түшүп кетишти

229

Аксы районунун 22 жаштагы классташ жигиттер жаңы сатып алган жеңил автоунаа менен бара жатып, Чычкан суусуна түшүп кетишти. Кырсык 3-июлдан 4нө караган түнү болгон.

Маалыматтар боюнча, унаадагы жаш балдар Акысынын Чие айылынын 1997-жылкы тургундары болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда,  алардын биринин жансыз денеси асууга калкып чыгып калганын Чычкан суусунда балык кармап жүргөн адамдар көрүшкөн.

Ал эми маркумдун туугандарынын айтымында, классташтар Москва шаарында иштеп жүрүп, Бишкекке келишкен. Борбордон унаа сатып алып, айылына келе жатышкан.

Учурда унаадагы 2 адамды туугандары издеп жатышат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь