Кыргыз ишкерин өлтүрүп кеткен кавказ түспөлүндөгү эки шектүү изделүүдө

91

Екатеринбургда Кыргызстандын тургунун өлтүрүүгө шектелгендерди кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

2-июль күнү саат 16:20 чамасында Свердлов облусунун Екатеринбург шаарынын Калинин көчөсүндөгү үйдүн жанынан эки белгисиз адам ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлөө максатында 1965-жылы туулган ишкер К. Каримовго карата тапанчадан ок чыгарышкан.

Ишкер каршылык көрсөткөндө, кылмышкерлер мушташуунун жүрүшүндө бир гана ором акча каражатын алышып, өздөрү келген транспорт каражатын дагы таштап, кылмыш болгон жерден издерин жашырып качып кетишкен. Жогорудагы факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” жана “Адам Өлтүрүү” беренелери менен кылмыш иши козголгон. Окуя болгон жерге оор кылмыш ишинин бетин ачууга багытталган зарыл болгон бардык тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүп, далил заттар алынып, жакынкы жерлерде орнотулган видеокамералардын видеожазуулары алынган.

Ошондой эле, кол салгандар таштап кеткен «Volkswagen Touareg» үлгүсүндөгү автоунаага кароо жүргүзүлгөн. Бардык алынган буюмдар кылмыш ишинин материалына бекитилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Соода-сатык ишмердүүлүгүнө байланышкан бардык жол-жоболор иштелип чыгууда, ири суммадагы акча каражатын билишкен чөйрөсүндөгү адамдар текшерилүүдө жана акча каражатынын кайдан келгендиги такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну 1965-жылы туулган Камчыбек Каримов Свердлов облусунун Екатеринбург шаарындагы Коомдук уюм “Кыргызстан-Урал” кыргыздардын диаспорасынын мурдагы жетекчиси болгон. Азыркы учурда укук коргоо органдары тарабынан жогорудагы кылмыш ишин жасашкан кавказ түспөлүндөгү эки шектүүнү кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь