Бүгүн 5-июлда Бишкекте акыркы сапарга узатылган Али Тижжани Абубакар аттуу мугалимдин өлүм астындагы окуясы видеого түшуп калган.
2-июлда ЦУМдун алдында 22 жаштагы жигит менен нигериялык жаран адегенде айтыша кеткенин видеодон көрүүгө болот. Андан соң кыргыз бала мугалимди жулкулдатып обочороок тарткан. Каршылык көрсөткөндө каза болгон жаранды сулата бир урган.
Эске салсак, окуя боюнча шектүү катары кармалган жаран бүгүн көрсөтмө берип, чыр эмнеден чыкканын айтып берген.