“Саясий күрөштө  мамлекеттүүлүктү жогору коюу ар бир жарандын жана саясатчынын милдети. Бийликке умтулуп кайсы бир саясатчынын арыгын чабуу менен жеке жана аймактык бөлүнүүнү пайда кылып алабыз. Андыктан биз мамлекеттүүлүк үчүнбүз.“

Мындай пикирин бүгүн ар кайсы партиядан келген өздөрүн “демилгелүү топ” деп атаган жаштар билдиришти. “Мекенчил” партиясынын активдүү мүчөсү Төрөхан Жунусбеков акыркы жаралып жаткан кырдаалга Алмазбек Атамбаевдин тиешеси бар экенин эске салып  жасаган кылмыштар үчүн мыйзам чегинде жооп бериш керек дейт. “Мисалы шайлоо мыйзамдарын бузган, соттук реформаны талкалаган”,- деди. Ошону менен бирге азыркы учурда да ал куруп кеткен система иштеп жатканын айтат.

Интернетте, соцтармактарда элди экиге бөлгөн фейк акаунттар көбөйүп С.Жээнбеков туштүктөн, түштүктүктөргө бийлик бербеш керек деген билдирүүлөр тарап жатат. Муну албетте кызыктар тарап жазап жатканы белгилүү. Жаш активист  Кудайберген уулу Тилекмат мамлеккетти бөлүп албоо үчүн элди биримдикке чакырабыз дейт.

Ал эми Келдибек Жээнбеков саясий сабаттуулук оппозицияда төмөндөп кеткенин айтып, 3-июлда  «Медиа Форум» имаратынын алдында болгон митингдеги “лозунгдарга” токтолоду. “Мыйзамдуу шайланган мамлекет башчыга карата ураандар туура эмес, Сооранбай Шарипович кетсин десе деле болмок, бул эки тараптагы кырдаалды курчутуу үчүн коюлган”-  деп сыпаттады. Азыркы бийликте да кемчиликтер бар экенин сынга алды.  Мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаевге жана мамлекеттик каналдарга  саясий укуктук баа берилиши керек.

Атамбаевдин кол тийбестик макамы алынгандан кийин саясий кырдаал коомчулуктун талкуусунда. Серепчилер бул көрүнүштү  опурталдуу деп баалап, бийлик да, каршылаш тарап да мамлекеттүүлүктун туруктуулугун  сактап калуу керектигин билдирүүдө. Жаш активист Канат Мидин уулу учурда маалыматтык согуш болуп жатканы менен саясий куугунтук, же бирине-бири кол көтөрүү болбой жатканы жакшы көрүнүш экенин эске салды.

Буга чейин Жогорку Кеңеш Атамбаевдин «экс-президент» макамын алып, кол тийбестиктен ажыраткан. Бул чечим укук коргоо органдарына Атамбаевди кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берген. Мындан улам мурдагы мамлекет башчы Кой- Таш айылындагы үйүндө элди чогулутуп, таш түшүрүп өзүн коргоого алган. 3-июлда Форумдун алдында митинг уюштуруп бийликке бир катар талап коюп тарап кетишкен.  Ал эми саясатчылар бары мыйзам чегинде чечилиш керектигин белгилеп Атамбаевди соттон качпоого чакырып келишет.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: