Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган.
Эске салсак, Манас Арабаев «Коррупция» беренеси боюнча шектелип, 2-июнь күнү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.