Назира Айтбекова: Бул өлүм кокустук эмес. Алинин өмүрү көптөн бери коркунучта болгон

468

Бишкекте сабалып каза болгон Нигериялык жарандын өлүмү коомчулуктун көңүлүн бурду. Бүгүн бул суук кабарды уккан жакын тааныштары Алинин адамдык бийик сапаттарын сыпаттап, анын көз жумганын терең кайгыруу менен кабыл алышты.

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова Тижжани Али Абубакарды 2002-жылдан бери жакындан тааный тургандыгын Элдик Медиага айтып берди. Айтбекова Алинин кокустан каза болгондугуна эч ишенбейт. Анткени азыркы окуяга чейин эле анын өмүрү коркунучта болгонун билдирди.

— Алини 2002-жылдан бери тааныйм, университетке бир тапшырганбыз. КВНдерде бир командада ойноп, жакшы мамиледе болчубуз. Али Кембридж мектебинде директор болуп турганда, мени жарнамалык роликтерге тартылууга чакырып жүрүп сырдаш жакын мамиледе болуп калганбыз. Сүйлөшүп отуруп калган күндөрдө азыркы окуяга чейин эле анын өмүрүнө коркунуч туулгандыгын айткан. Мындан 2-3жыл мурун лагерде окуучулар менен эс алып жүргөндө Алиге кол салуу болгон. Тагыраагы айтканда аны атып кетишкен. Кудай жалгап аман калган. Ок тийген колу жакшы иштебей,”кыйналып атам, эмне деген азаптардан өткөн жокмун” деп айтып калчу.

“Кембридж” билим берүү борборунун директору маркум Али акыркы учурда кыйналып жүргөнүн, артынан куугунтуктоо болуп ага коркунуч жаралып жаткандыгын Айтбековага айтып калган.

— Мектебине салык сыяктуу ар кандай текшерүүлөрдү кайра-кайра жиберип, айламды алты кетирип атышат деп айтканын уккам. Жаңылыктардан окудум Али телефон менен тартып атып уруша кетендерин. Менимче ал жаңжалчы киши эмес, момун, жоош болчу. Чыныгы адамгерчилиги бар,бир кишини  эмес кумурсканы дагы таарынтпаган адам эле. Бирөө менен ал жөндөн-жөн урушпайт, артынан сая түшүп аңдып жүрүшсө керек да. Ошондон келип ызы-чуу болуп кетиши мүмкүн. Муну дагы мурунку ишиндей кылып атып кеткендерди кармап, буйрук бергендерди кармабай койгондой, “кокустук” деп көз жаздымда калтырып койбосо экен деп коркуп жатам.

Назира Айтбекова сөзүнүн аягында укук коргоо органдарынан ишти аягына акыйкат чыгаруусун суранып өттү.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь