Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси Айсултан Назарбаевди сот «кийинки соттук угууларга чейин Priory Group ооруканаларынын биринде болуу» шарты менен күрөөгө бошотту. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Бул иш боюнча кийинки отурум 2020-жылдын 20-мартына белгиленген.
Эске салсак, Назарбаев 5-июнда Росс Сэмбрук аттуу полиция кызматкерине кол салган деп айыпталган.