Түз эфирден чыккан чыр өлүм менен аяктаган. Нигериялыкты өлтүргөн шектүү көрсөтмө берди

184

Бишкекте сабалып каза болгон нигериялык жарандын өлүмү боюнча шектүү К.Э. көрсөтмө берди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Ал окуяны төмөндөгүдөй түшүндүргөн.

2-июлда “Чынар” соода борборунун алдында достору менен социалдык тармактагы түз эфир аркылуу сүйлөшүп олтурган. Бул учурда анын жанына чет элдик жаран келип, “мени телефонго тартпа” деген. “Мен сизди телефонго тарткан жокмун” деп шектүү К.Э. жооп берет. Андан соң Т.А. жаман сөздөрдү оозго алып, экөө айтыша кеткен. ЦУМга чейин бири-бирине жаман сөз айтып, ээрчише басышкан. Буга чыдабай кеткен 22 жаштагы К.Э. колу менен Т.А.ны жаакка урган соң чет элдик жаран желкеси менен жерге кулап түшкөн.

ИИМден кошумчалагандай, учурда сотко чейинки өндүрүштүк иш жүрүүдө.

Эске салсак, 34 жаштагы Нигериянын жараны бул окуядан кийин комадан чыкпай ооруканада каза болду. Али Тижжани Абубакар 6-июлда Бишкекте жерге берилет.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь