Бишкек шаардык соту Аида Салянованы №1 тергөө абагында камакта калтырды. Бул тууралуу анын тарапташтары билдирди.
Бүгүн, 5-июлда соттук коллегия камактагы экс-башкы прокурор жана мурдагы депутат Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз күчүндө калтырды. Ден-соолугуна байланыштуу сотко Салянова өзү катышкан эмес.
Соттун чечимине нааразы болгон Салянованын тарапташтары учурда Ак үйдү көздөй бет алышты.
Буга чейин Биринчи май райондук соту Салянованы 26-августка чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечимин чыгарган.