Ысык-Көлдө эки адамды атып качып кеткен жаран изделүүдө

350

Ысык-Көл облусундагы “Хан-Теңири” лагеринде бир кишини атып, экинчисин бычак менен сайып өлтүрүп, ал жакта иштеген аялды барымтага алган бойдон из жашырып кеткен шектүү изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирген.

Маалыматка караганда,  Ак-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кечээ саат 12:30дарда билдирүү түшкөн. Анда Каракол шаарындагы чек ара кызматынын аскер бѳлүгүнүнөн белгисиз адам сырт өрөөнүндөгү Эңилчек жайлоосунда жайгашкан “Хан-Теңири” альпинисттик лагердин башчысынын орун басары 1970-жылы туулган А. Д. атылгандыгы маалымдалган.

Келген билдирүү боюнча Ысык-Көл ОИИБдин ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, териштирүү учурунда “Хан-Теӊири” лагеринде кароолчу болуп иштеген, Түп айылынын 29 жаштагы тургуну С.С. аттуу жаран “Вепрь” үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ашканага кирип, лагердин башчысынын орун басары 48-жаштагы А.Д. аттуу жаранды төшкө жана 31 жаштагы М.К. аттуу кишин ичке аткандыгы аныкталган.

Ал учурда ашканада тамактанып отурган жылкычы Түп районунун Тасма айылынын 33 жаштагы И. У. аттуу тургуну ок аткан кишини кармоого аракет көргөндө аны колго сайып качып кеткен”

Анын кесепетинен А.Д. окуя болгон жерден каза болуп, ал эми М.К. чек ара заставасына медициналык жардам көрсөтүү үчүн алып бара жаткан учурда жолдон үзүлгөн.

Териштирүү учурунда С.С. кишилерди аткандан кийин ошол жердеги кара тумоого каршы мекемесинде иштеген Каракол шаарынын 48 жаштагы Л.И. аттуу тургунду барымтага алып, окуя болгон жерден качып кеткени аныкталган.

Бул  факт Ак-Суу РИИБнин кызматкерлери иликтөө иштеирн баштады. Учурда милиция жана Чек ара кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармоо жана барымтадагы аялды бошотуу максатында атайын ыкчам иш чараларын жүргүзүүдө.

Кылмыш турмуштук жагдайлардан улам чыккандыгы аныкталган. Окуя болгон жерге ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов барып, кылмышкерди издөө жана кармоо ыкчам иш-чараларына жетекчилик кылууда.

Булак: Спутник

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь