Экс-мэрлер сентябрга чейин камакта калтырылды

296

Бүгүн 5-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Бишкектин мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовду 6-сентябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Мамлекеттик айыптоочулар УКМКнын убактылуу кармоочу жайындагы мурунку мэрлерди камакта калтырууну суранды. Ал эми жактоочулар прокурорлордун өтүнүчүн четке кагууну суранышып, айыпталуучуларды камакта калтырууга негиз жок дешти.

Бирок судья Кубанычбек Касымбеков айыпталуучуларды камакта калтырууну 6-сентябрга чейин узартуу чечимин кабыл алды.

Белгилей кетсек, Кулматов менен Ибраимов «коррупция» беренеси боюнча айыпталган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь