Жээнбеков жана Атамбаевге байланыштуу Жогорку Кеңештин мурдагы 11 төрагасы билдирүү жасады

96

Жогорку Кеңештин мурдагы 11 төрагасы өлкөдө болуп жаткан саясий кырдаал боюнча билдирүү жасашты. Анда Медеткан Шеримкулов, Алмамбет Матубраимов, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Исхак Масалиев, Акматбек Келдибековдун ысымдары жазылган.

” Болуп жаткан саясий окуялар коомдо коркунуч жаратууда. Башкы себептердин бири – республикада жүргүзүлүп жаткан коррупция менен күрөш. Бүткүл эл шайлаган президент Сооронбай Жээнбеков элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын досу жана мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин кызыкчылыгынан жогору койду.

Тил алчаак президентти жана премьер-министрди калтырып, диванда жатып башкаруу боюнча Атамбаевдин элге каршы жана кыйтыр саясаты ишке ашпай калды. Коррупция менен күрөшүү Атамбаев тарабынан жасалган кылмыштуу иштерди ачыктады. Аны кол тийбестиктен ажыратуу Башкы прокуратурага тергөө иштерин баштоого мүмкүнчүлүк берди. Атамбаев “мыйзам алдында баары бирдей, ууру түрмөдө отурушу керек” деп айтканы өзүнө тиешелүү эмес деп ойлогон, бирок учурда мыйзам алдында жооп берүүгө мезгил келди”, – деп айтылат билдирүүдө.

Мурдагы спикерлер учурда өлкөдө көп көйгөйлөр бар экенин, алар Атамбаевдин тушунда андан бетер күчөп кеткенин белгилешти.

“Элге референдум аркылуу президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоо укугун бериш керек. Андан кийин конституциялык реформаны баштоо зарыл. Таштарды чогултуп, эл үчүн жана мамлекеттин өнүгүүсү үчүн иштөөгө убакыт келди”, – дешет парламенттин мурдагы төрагалары.


Булак: super.kg

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь