Бишкек: Жолчулардын бири комада, экинчиси ооруканада

160
Бишкек шаарында 5-июлда таңкы саат 05:00тер чамасында Абдрахманов-Скрябин көчөлөрүндө “Бишкекасфальтсервис” МИ кызматкерлери иштеп жаткан. Ошол учурда мас абалында Honda Fit унаасын башкарып жүргөн айдоочу тапанчасы менен жолчуларды коркутуп, бирин башка соккон.  Андан соң окуя болгон жерден из жашырган. Ал эми 1990-ж.т. О.К. азыр республикалык ооруканада дарыланууда.
6-июлга караган түнү ошол эле жерде жол оңдоп жаткан “Бишкекасфальтсервистин” кызматкерин унаа сүзүп кетти. Айдоочу 1995-ж.т. жаран экендиги аныкталып, ал телефонго алаксып кеткенин түшүндүргөн. Учурда унаа коюп кеткен 1974-ж.т. жолчу 4-шаардык ооруканада комада жатат.
Бишкек шаардык мэриядан кабарлагандай, кызматкерлер жол эрежесин сактап иштеп жатышкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь