Ысык-Көл областына караштуу Ак-Өлөң айылын тейлеген бир дагы медицина кызматкери жок. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочулар нааразычылыгын айтып чыккан видео фейсбук баракчасына жарыяланды.
Айыл тургундарынын айтымында ФАПтын эшигин каккылап кайра кетишет. Анткени жумуш ордунда эч ким жок. Айла жоктон жакынкы Балыкчы шаарынын ооруканасына барып кайрылышат.
“Оорунун айынан Балыкчыга күнүгө каттайм. Барып-келишим 40сомдон 80сом болот. Дарыларды сатып алам, өзүм пенсиядагы адам болсом менин чөнтөгүмө чак келбей калат.“- дейт тургундардын бири.
Айылда дарыгердин жоктугу айлыктын аздыгы себеп болууда дешет. Дарыгер барып келген жол киресине акча көп кетерин айтып, айыл өкмөткө бул меселени чечип берүүсүн суранганда жыйынтык болбогондугун айыл аксакалдары билдиришти.
Бул көйгөйдү айыл өкмөтү көтөрүп, минздарвка өткөрүп бериш керек эле, айыл өкмөт башчысынын шалаакылыгыбы же минздравтыкыбы? Айыл жаңылыктарынан келди, өкмөт башчы Сооронбай Шарипович Врач кудаларыңыздан барбы чече турган
Опубликовано Эдил Касымов Пятница, 5 июля 2019 г.