Бишкек шаарынын чет жакасында жайгашкан “Энесай” конушунун тургуну Элдик Медиага видео тартып жөнөттү. Анда автор үйлөрдүн ортосуна орнотулган таштанды контейнерлерине нааразылыгын билдирген.
Окрумандын айтымында, көп жылдан бери таштанды салгычтарды алдыра албай убара. Тиешелүү тараптардын бардыгына кайрылышкан. Бирок, эч кандай чара көрүлбөй жатат.
” Күн ысыкта жагымсыз жыттанып, балдар ооруп жатат. Таштандылар үйдүн алдына чейин барат. Балдарыбыз менен сыртка отура албай калдык.” – дейт окурман.