Молдакун Абдылдаев жана небереси акыркы сапарга узатылды (видео)

157

Бүгүн, 6-июлда Бишкек шаарынын Кара-Жыгач жаӊы конушунда Молдакун Абдылдаевди жана жээн небереси Софья Борукееваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жеринен кабарлады.

Маркумдардын тажиясына Абдылдаевдин кесиптештери жана жакындары келишти. Күйүт тартып жаткан Абдылдаевдин кызы өзүн жаман сезип, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Элдик Медиа порталы кырсыктан дүйнө салган маркумдардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эске салсак, 30-июнда бир үй-бүлө бара жаткан унаа Көкөмерен дарыясына түшүп кеткен. Бүгүнкү күнгө чейин 5 адамдын үчөө табылып, алар өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдкун Абдылдаев, анын айдоочусу жана жээн неберсинин сөөгү табылган. Аялы жана уулунун сөөгү али күнгө чейин дайынсыз болууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь