Таң эрте уйкуну бузгандыгы үчүн корозду жана анын ээсин сотко берди

614

Францияда жашаган Бирондун үй-бүлөсү кошунасынын таң эрте кыйкырган корозуна нааразы. Алардын тынч уйкусу бузулуп жаткандыктан Морис аттуу корозду жана анын ээси Коринн Фессону сотко берди.

Бирондор коомдук тартипке баш ийбеген коңушусу менен короздон 1миң евро өндүрүүнү талап кылышууда. Компенсация катары берилген акчаны кайрымдуулукка жумшай тургандыгын айтышкан.

Бул окуя коомчулукта резонанс жаратып, тескерисинче Фессо менен анын корозу Мористи колдоого алгандар көбөйгөн. Айыл жашоосу үчүн бул туура эле көрүнүш дегендер, мыйзамга каршы келбестигин айтып чыгышкан.

Элдин пикирин эске алган Бирондор үй-бүлөсү оюнан кайтып калышкан. 4-июлда өткөн соттук отурумга эки тарап тең келген эмес. Бул окуя боюнча соттун чечими сентябрь айында чыкмай болду.

 

Комментарии

  1. I feel this is one of the such a lot significant information for me.
    And i am satisfied reading your article. But want
    to commentary on some common issues, The website taste is perfect,
    the articles is in reality nice : D. Good process, cheers

    Feel free to visit my web site … cheap flights

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь