Аял түндө жалгыз отурганда жылан келип эшиктин коңгуроосун басты (видео)

382

Американын Техас штатында жылан дубалдан сойлоп түшүп каалганын коңгуроосун баскан окуя катталды. Бул тууралуу кызыктуу тасманы UPI порталы жарялады.

Берилген маалыматтарга караганда, Конверс шаарынын тургуну Белинда Муниас түнкү саат бирде эшиктин коңгуроосу шыңгыраганынан барып ачкан жана сырттан жыланды көргөн. Окуя 30-июнда болгон. Видеодон жылан кантип сойлоп келгенин көрүүгө болот.

Муниас үйдө жалгыз болгондуктан катуу корккон. Аял мындай ысыктан жыландан сактануу керектигин айтуу менен бул видео башкаларга эскертүү иретинде болсун деген ниетте анын социалдык тармактарга жарыялаганын кошумчалады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь