Жубайынын көзүнө чөп салган адамды аныктоонун оңой жолу табылды 

209

Американын окумуштуулары жубайынын көзүнө чөп салган адамды анын добушунан улам оңой аныктаса болот деген жыйынтыкка келишти. Бул боюнча илимий иштин жыйынтыгы Sputnik International журналына жарыяланды.

Тажырыйбага бир нече ыктыярчылар катышкан. Ыктыярчылардын үндөрүн жаздырып алышкан жана аны башка ыктыярчыларга угузушкан. Анын жыйынтыгында аларды уккан жүздөгөн ыктыярчылар “солго кеткен” адамдарды үндөрүнөн аныкташкан.

Окумуштуулардын айтымында, жубайынын көзүнө чөп салган адам сүйлөп жатканда так-так, ачык-ачык айтпайт, узагыраак тыныгууларды жасайт, добушу даана эмес, ишенимсиз чыгып, сөздөрдү ишенимдүү, батыл болбойт. Мүнөзүндө кандайдыр бир алаңдоо, сөздөрүндө маектештин сөзүн угуп анан жооп берүү үчүн көбүрөөк ойлонуу кездешерин белгилешкен.

Кептин кыскасы, кыргызча айтканда ачык сүйлөбөй күңк-мык дей берген адамдан күмөн пайда кылсаңыз болот экен.

Булак: barometr

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь