Иркутскта дайынсыз жоголгондордун 30у  табылды

73

Орусиянын Иркутск облусундагы суу каптоодон кийин жоголгондордун арасынан 30 киши аман табылды. Дагы 11 адамдын дайыны чыкпай жатат. 22 киши мерт болгонун чет элдик маалымат булактары жазды.

Маалыматка караганда, ташкын жүзгө жакын калктуу конушту каптады. Үч жарым миң турак-жай жараксыз болуп калды. 33 миң адам үйүнөн ажырады. Жүздөгөн адамдар ооруканага түштү. Баштапкы маалыматтарга караганда, зыяндын көлөмү 29 миллиард рублге бааланууда.

25-июнда башталган нөшөрдөн улам Иркутск облусунда беш чоң дарыядан суу ташкындаган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь