Кыргызстандык журналист Казакстандан депортацияланды

186

«Настоящее Время» телеканалынын Астанадагы журналисти, кыргызстандык Жазгүл Эгембердиева Казакстандан депортацияланды.

Нур-Султан соту 5-июлда ушундай чечим чыгарып, «миграцияга байланыштуу мыйзамдарды бузду» деген негизде анын беш жыл бою өлкөгө киришине тыюу салды.

Сот чечимине ылайык, Эгембердиева он күн аралыгында чыгып кетиши керек. Бийлик журналистти Казакстанда каттоого турбай, 30 күндөн ашуун жүргөн деп негиз келтирүүдө.

«Настоящее Время» телеканалынын жетекчилиги жагдайды иликтеп жатат.

Жазгүл Эгембердиева Казакстанга 3-майда барган. 9-июнда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоону чагылдырган.

Эгембердиева 6-июлда Нур-Султанда өкмөткө каршы кезектеги митингди чагылдырууга камданып жаткан. Ал күнкү нааразылык акцияларында полиция ондогон адамды кармады.

Казакстанда кийинки убакта «Настоящее Время» телеканалынын, «Азаттык» радиосунун журналисттери ишмердигине байланыштуу бир катар тоскоолдуктарга кабыла баштады.

Интернеттеги социалдык тармактын колдонуучулары Жазгүл Эгембердиеванын депортация кылбоого чакырык таштап жатышат.

Булак: Азаттык

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь