Майыпмын деген аялдын калпы чыкты (видео)

361

Россиянын Грозный шаарынын тургуну Лизан Исакова бир нече жылдан бери оор дартка чалдыгып, тура албай жана көзү көрбөй калганын айтып, бирок ага бийлик жардам бербей келгенине даттанган.

Мындай кабарды уккан кайрымдуулук фонддору жана Грозный шаарынын бийлиги аялдын батирин оңдоп, жаңы мебелдерди сатып берген.

Беш жыл бою элдин баары Лизан Исакованын көзү көрбөйт жана төшөктөн тура албайт, андыктан ага жардам берүү керек деп ойлоп келишкен.

Шаар тургундары аялга азык-түлүк, тиричилик буюмдарын сатып беришкен. Керек болсо атайын отургуч да алынган. Исакова жергиликтүү аткаминерлер ага жардам бербей жатканын такай айтып келгендиктен, мэрия менен коомдук фонд биргеликте үйүн оңдоп беришкен. Берилген жардамга алымсынбаган аял майып баласына да өзүнчө батир берүүнү талап кыла баштаган.

Бирок анын кошуналары аял калп айтып жатат деп шектенип, аны үйүндө басып жүргөнүн терезеден көрүшкөнүн айтып, укук коргоо органдарына кайрылышкан. Кийин органдын кызматкерлери үйгө жашыруун видеобайкоо коюшкан. Анда Исакованын үйдүн ичинде ары-бери басып, алынып келген тиричилик техникаларын карап жатканы тартылып калган.Анан калса аялдын чындап эле оорулуу экенин тастыктаган бир да документи жок болуп чыккан. Өз кезегинде Исакова дарыгерлер ага тийиштүү кагаздарды атайылап бербей жатканын жүйө кылган.

Жергиликтүү укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча аял тургундар жана жергиликтүү бийликтин жардамынан тышкары мамлекеттен 700 миң рубль алган. Эми Ички иштер министрлигинин Грозный шаары боюнча тергөө башкармалыгы Исаковага карата алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда Исакова менен баласы кармалып, суракка алынды.

Булак: Спутник

Комментарии

  1. Hello there! This is my first visit to your blog! We are a collection of volunteers
    and starting a new project in a community in the same niche.
    Your blog provided us valuable information to work on. You have
    done a extraordinary job! y2yxvvfw cheap flights

  2. Definitely consider that which you said. Your favorite justification seemed to be at the internet the simplest factor to take note of.
    I say to you, I certainly get annoyed whilst people think about issues that
    they just don’t know about. You managed to hit the nail upon the top and also outlined out the whole
    thing without having side-effects , people could
    take a signal. Will likely be again to get more.
    Thank you

    my web site :: cheap flights

  3. Hiya very cool site!! Man .. Beautiful .. Superb .. I’ll bookmark your website and take the feeds
    also? I am happy to seek out so many helpful info here
    in the submit, we need develop more strategies on this regard, thank you for sharing.
    . . . . .

    Here is my page: joe biden we just did

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь