Эң бай адам жубайы менен ажырашып кетти (видео)

109

«Амазон» компаниясынын жетекчиси Джефф Безос жубайы Маккензи менен ажырашты. Бул тууралуучет элдик маалымат булактары жазышууда.

Жазылган маалыматтарга ылайык, 5-июлда Вашингтон штатындагы сотто кабыл алынган ажырашуу документине ылайык, Безос экс-жубайына Амазон компаниясынын 4 %ын өткөрүп берди. Ал 19,7 миллион долларлык акцияны түзөт.

Бул чечимден кийин «Bloomberg» версиясы боюнча Маккензи дүйнөдөгү бай адамдардын тизмесинин 22-катарынан орун алды.

Ал эми Джефф Безос «Forbes» журналынын 2018-жылдагы жыйынтыгы боюнча, «Майкрософт» компаниясынын түзүүчүсү Билл Гейтстен ашып өтүп, дүйнөнүн эң бай адамы аталган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь