Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин апасы көз жумду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалымытка караганда, өкмөт башчынын апасы Жеңилдик Абылгазиева узак оорудан улам 85 жашында дүйнө салган. Ал Бишкекте Мухаммедкалый Абылгазиевдин колунда болчу.
Премьер-министрдин апасынын сөөгү Кочкор районунун Дөң-Алыш айылында 9-июль күнү жерге берилет.