Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында 3 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМжин басма сөз кызматы кабарлады.
2016-жылы туулган К.Т. аттуу баланын денеси кечээ саат 16:00 чамасында Кожомкул айылында Көкөмерен суусунан туугандары тарабынан табылган.
Баланын жоголдугу тууралуу кабар ӨКМге 2-июнь күнү түшкөнү айтылган. Суусамыр айылында 3 жашар К.Т. аттуу бала жоголгону кабарланган. Баланын жакындары анын сууга түшүп кетиши мүмкүн экенин айтышкан эле.