Бүгүн Биринчи Май райондук сотунун алдында Апрель революциясынын баатырлары,  Молдомуса Конгантиевдин акталып чыгышына нааразычылыгын билдирип митинг өткөрүштү. Бул тууралуу митингдин катышуучусу билдирди.

Маалыматка караганда, митингдин катышуучулары соттун чечими менен макул эмес. Митингди  “Айкөл Ала-Тоо” жана  “Айкол Таза коом” коомдук уюмдарынын мүчөлөрү уюштурган.

Алар Биринчи май райондук сотуна барып, алардын чечимине нааразы экенин билдирип, акыйкат чечим чыгарууну талап кылышты.

“Биз апрель революциясынын катышуучулары соттун чечимине макул эмеспиз. Конгантиев 2010-жылы болгон окуялардагы күнөөсү үчүн жоопко тартылышы керек. Биз Биринчи май райондук соттун чечимине нааразыбыз. Ал эми Бакиевдер кылган күнөөлөрү үчүн жоопко тартылган жок. Алар апрель баатырларын тоготуп дагы койгон жок. Биз Бакиевдердин адамдарын баардыгын жоопко тартылышын талап кылабыз. Биз ден соолугубуздан ажырадык, алардын кылган кылыктарын эч качан унутпайбыз жана кечирбейбиз. Эл оюнчук эмес, баары өз жазаларын алышы керек!”-деп билдиришкен катышуучулар.

Кошумчалай кетсек, 5-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок деп актаган. Ошондой эле ага сыртка чыкпоо боюнча чечим жокко чыгарылып, мүлкү камактан алынган.

Эске салсак, Конгантиевге 2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу “Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу”, “Шалаакылык” беренелери боюнча айып тагылган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: