Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, мурдагы маданият министри Марклен Баялинов менен коштошуу өтүп жатат.
Марклен Баялинов 5-июлда 86 жашка караганда дүйнөдөн өттү.
Баялинов Опера жана балет театрынын жетекчиси болуп турганда СССРдин эл артисттери Болот Миңжылкыев, Кайыргүл Сартбаева, Хусейин Мухтаров, Токтонаалы Сейталиев, Айсулуу Токомбаева, Чолпонбек Базарбаев сыяктуу опера жана балет искусствосунун чыгаандары өсүп чыккан.
Марклен Баялинов «Саманчынын жолу» либреттосун жаратып, 1975-жылы бул эмгеги үчүн СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.
Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» чыгармасынын негизинде «Маңкурт» балети Баялиновдун жазылган либреттосунун негизинде Улуттук опера жана балет театрында коюлган.
Марклен Баялинов – кыргыз совет адабиятынын түптөөчүлөрүнүн бири Касымалы Баялиновдун уулу.