Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар-автодорожный” өткөрүү пунктунан Кыргызстанга тиешелүү документтери жок корей өндүрүшүнөн чыккан парфюмерияны алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма-сөз кызматы кабарлады.

Берилген маалыматка караганда, окуя 7-июлда болгон. Мыйзамсыз алынып келе жаткан товардын жалпы суммасы 2 миллион сомду түзөт.

Текшерүү учурунда парфюмерия каражаттарынын орус жана кыргыз тилиндеги аннотациясы менен акциздик маркалары жок болуп чыккан.

Мындан сырткары, айдоочунун жанында жүккө берилчү уруксат кагаздары да болгон эмес. Тийиштүү документтер толтурулган соң жүк Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен Салык кызматынын аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрүнө тапшырылган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: