Молдокматов менен Жээнбеков кайым айтышты (видео)

269

“Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдакматов “Марал” радиосунун Айлампа программасында саясатчы Равшан Жээнбеков менен кайым айтышып кетти .

Экөө түз эфиде “Коррупция” тууралуу маек куруп жатып айтышкан. Саясатчы Равшан Жээнбековго Жеңиш Молдокматов “мага кыйкырбай сүйлөңүз биринчи кезекте өзүңүздүн артыңызды бир карап алыңыз” деп кайрылган. Молдокматовдун билдирүүсүнө караганда, Равшан Жээнбеков Майрам Акаева менен биргелешип мамлекеттин мүлктөрүн сатууга көмөктөшкөн. “Коррупция тууралуу кеп кылган адам биринчи кезекте өзү таза болушу зарыл. Коррупцияны ушул деңгээлге алып келгендер азыр эл көзүнө “ ак кара” болуп жатат. Мамлекеттин мүлкүн ит бекер сатып, балдарын чет өлкөдөн окутуп, эми ар кимди жемкор деп атоого моралдык акысы жок. Эмне үчүн ал акчаларды карапайым эл төлөшү керек?” -деди Молдокматов.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь