Президент алдыңкы бүтүрүүчүлөргө  «Алтын сертификаттарды» тапшырды

302

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдагы мыкты бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификаттарды» тапшырды.

Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку упай алган бүтүрүүчүлөргө арналган салтанат Бишкек шаарында өттү.

Аталган иш-чарага мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков катышып, 10 миң сом акчалай сыйлыгы бар «Алтын сертификат» тапшырды.

Бул сертификатка быйыл 52 улан-кыз татыктуу болду. Алардын 19у Кыргызстандын аймактарынан келгендер.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 47 440 бүтүрүүчү катышкан.

Өз сөзүндө өлкө башчысы элибиздин билимдүү жаштары менен өлкөнүн бардык тармагын өркүндөтүүгө болорун белгиледи.

Ал үчүн жаш муундардын татыктуу билим алуусуна, эмгектенүүсүнө шарттарды түзүү приоритеттүү багыт экенин өлкө башчысы айтат.

Президент ийкемдүү, ачык, үзгүлтүксүз өнүгө турган билим берүү системасын түзүү — мамлекеттик саясаттын негизги принциптеринин бири экенин белгилейт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь