Түркияда 23 жаштагы кыргызстандык бала киши колдуу каза болду. Учурда анын жакындары изделип жатканын Түркияда эмгектенип жүргөн мекендештер билдирген.
Маалыматка караганда, окуя кечээ болгон. Анда Мухтарбек аттуу жигит дүкөнгө чыккан учурда белгисиз адам бычак сайып, андан кийин тапанча менен атып салган. Учурда маркумдун сөөгү өлүкканада экени айтылууда.
Ал айрым басылмалар аталган окуя Анталиянын Алания шаарындагы Конаклы районунда болгонун жазышууда. Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге “Тез жардам” кызматы жана жандармериянын кызматкерлери келип, Кыргыз баланын каза болгонун аныкташкан.
Учурда Аланиянын прокуратурасы тергөө иштерин баштап, кылмышка шектүү катары 40 жаштагы А.Й.аттуу жаран кармалган. Ал сурак учурунда маркум менен пикир келишпестиктен улам уруша кетип, тапанча менен атып салганын билдирген.