Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев ИИМдин Тергөө башкармалыгына баруудан баш тартты.
“Чакыруу кагазы мыйзамдын негизинде жазылган эмес. Атамбаевдин иммунитети күчүндө. Чакырууну кечээ жөнөтүп, бүгүнкүгө чакырып жатышат. Кагаз менен таанышуу үчүн убакыт керек. Мен кат жөнөтүп, тергөөчү менен сүйлөшөм”-деди юрист.
Эске салсак, чакыруу кечээ Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жеткирилген. Анда Атамбаев тергөө башкармалыгына 9-июлда эртең менен барышы керектиги жазылган.
Ал эми Алмазбек Атамбаев суракка барбай турганын айткан.