Атамбаев Тергөө кызматына суракка барбай турганын айтты

175

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Тергөө кызматына суракка барбай турганын айтууда. ИИМдин Тергөө кызматынын чакыруусуна ылайык, Атамбаев мекемеге бүгүн, 9-июлда күбө катары суракка келүүгө тийиш.

Милиция кызматкерлери чакырууну ага 8-июлдун кечинде Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы үйүнө жеткирип беришкен.

Чакыруу келгенден кийин Атамбаев өз үйүнүн алдында турган тарапкерлерине чыгып, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда ал суракка баруу ниети жоктугун билдирди. ИИМдин Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу быйыл жыл башында жанданган кылмыш ишин иликтеп жатат.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик макамынан ажыраткан. Ага чейин, 25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча жеке өзү тапшырма бергенин билдирген.

Булак: Азаттык

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь