Сузак районундагы мыкаачылык менен өлгөн баланы 2005-жылы туулган өзүнүн бир тууган эжеси өлтүргөн. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИББ басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.
Буга чейин 8-июлда Жалал-Абад облусундагы Cузак районунун Каңды айылында 11 жаштагы бала өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү кабарланган. Анын денесине бир нече жолу бычак менен сайылган. Окуя болгон маалда үйдө жаш бала менен эжеси экөө эле болгон.
Эжесинин берген көрсөтмөсүнө ылайык, ал иниси экөө ойноп жатып, адегенде баланын колу-бутун скотчтоп, андан соң атасынын кой союп жүргөн бычагы менен денесине бир нече жолу сайып жиберген.
Өспүрүм канды көргөндөн кийин, калганын билбейм деп өзү көрсөтмө берип жатат. Буга эмне себептен бардың деген суроого, буга чейин дагы ушундай ойночубуз деп жооп берди. Ага чейин мен анын колун байлап, ал менин колумду байлап ойногонбуз деп айтып жатат“- деди Жалал-Абад ОИИББ басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев.
Айрым маалыматтарда баланын өлүгүн кошуналары көрүшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча кылмыш иши козголду.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: