Инисин эмне себептен өлтүргөн? Катты ким жазган? Сузактагы окуянын толук чоо-жайы…

547

8-июлда болжол менен саат 18.30 чамада Сузак РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө, Канды айылында жаш өспүрүмдүн жансыз денеси табылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул маалыматты кошунасы баланын жансыз денесин көрөр замат кабарлаган.

Жалал-Абад ОИИБнин кызматкерлери, Сузак РИИБнин жетекчилиги, Сузак районун прокуратурасы жана Сузак РИИБнин тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге чыгышып, окуя болгон жерге кароо жана текшерүү иштерин жүргүзгөн учурда, аталган даректеги үйдүн чоң бөлмөсүндө, денесинде бычак менен бир нече жолу кесилгенге окшогон абалда, колу жана буттары түзсүз скотч менен оролгон абалда 2008-ж.т. С.А. белгисиз кылмышкерлер тарабынан, өзгөчө мыкаачылык менен киши колдуу болуп каза болгон жансыз денеси табылган.

Ошондой эле, кароо учурунда кийинки бөлмөдөн кагазга «Кудайберди мен сенден балаң аркылуу өчүмдү алдым» деген мазмунда жызылган кат табылган. Ал эми окуя болгон үйдүн сырткы короосун кароо учурунда, короонун ичинде жайгашкан даараткананын ичинен аялдардын футболкалары жана шорта кийимдери табылып, ал эми аталган киймдерге канга окшогон түстө заттар шыбалгандыгы аныкталаган, мындан сырткары ашкана бычагы табылып, аталган нерселер далил буюм катары алынган.

Окуя болгон учурда баланын ата-энеси өз үйүндө жок болушкандыгын билдиршкен. Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБнин КЖБРне «Адам өлтүрүү» фактысы менен катталып, КРнын КЖКнин 130-бер. негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жүргүзүлүп жаткан тергөө иш аракеттердин натыйжасында Сузак районун Барпы айыл аймагына караштуу Канды айылынын тургуну жашы жете элек өспүрүм 14 жаштагы К.А. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин, педагогдун, психологдун жана жактоочунун катышуусунда видеожазууну колдонуу менен сурак кылынган. Шектүү К.А. өз көрсөтмөсүндө:

–  2019-жылдын 08-июль күнү уйкудан тургандан кийин (ата-энеси ишке кеткен)  иним экөөбүз дарбыз талашып урушуп кеттик, ошондо иним аш бычак менен өзүн өлтүрөм деп коркуткан.  Түштөн кийин иним келип сууга түшүп келейин деп уруксат сурап, кеткен. Ошол бойдон болжол менен саат 16:00 чамасында үйгө келди. Үйгө келгенде экөөбүз мурун ойногондой эле, бири бирибизди скочтоп ойнойт болчук, мурункусунда мени скочт менен байлаган болчу, ошондуктан мен иними үйдүн чоң бөлмөсүндө кызыл түстөгү столго скотч менен колу бутун байладым. Ошол учурда иним мага намысыма тийгизген сөздөрдү сүйлөп жиниме тийди эле, атам мал союп колдонгон, чоң бөлмөнүн текчесинде турган бычакты алып, мен өзүмдү билбеймин, инимди бычактап салдым, бирок кантип канча жолу бычактап салганым ээсимде жок, себеби өзүмдү билбей калдым. Бычакты жана полосатый туник футболка менен кийимдеримди үйдөгү дааратканага ыргытып жибердим, эч ким билбей калсын деп. Анан кошуна Айнура деген эжеге барып инимдин өлүк жатканын айттым, бирок ага, мен кылганымды айткан жокмун – деп билдирген.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев Элдик Медиага билдиргендей, катты да кыз өзү жазгандыгын мойнуна алган. Учурда анын кол тамгасын аныктоо үчүн экспертиза дайындалды.

Сурактан кийин К.А. “Балдарды коргоо” боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине тил каттын негизинде өткөрүлүп берилди.

Учурда соттук-медициналык жана соттук-психиатриалык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь