“Коопсуз шаардан” өндүрүлгөн акчага тез жардам унаасы алынат

401

“Коопсуз шаар”долбоордун алкагында өндүрүлгөн айып пулдун бир бөлүгү Медициналык тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат.

Өкмөттүн токтомуна киргизилген өзгөртүүлөргө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Документке ылайык, аталган долбоордо кызыкдар тараптардын бардыгына акчаларды бөлүштүрүлгөндөн кийин Финансы министрлигинин эсебинде калган сумманын 50% Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которулуп, медициналык тез жардам машинелерин алууга, жаңы станцияларын ачууга, аларга керектүү материалдык-техникалык жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Өлкөдөгү калктын табигый өсүүсүн эске алсак, шашылыш жардам машинелерине болгон муктаждыктын саны өсүүдө. Ушуга байланыштуу шашылыш медициналык жардам машинелерин сатып алуу маселесин чечүү мамлекет үчүн маанилүү социалдык маселе болуп саналат.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь