Москвада Кыргызстандык өспүрүм футбол аянтчасынан жан берди

89

Москвада футбол аянтчасында Кыргызстандык өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлүнө таянып Кактус.медиа жазды.

7-июль күнү Рязан проспектисиндеги аянтчада балдар топ ойноп жүрүшкөн. 14 жаштагы И.К. оюн учурунда өзүн жаман сезип, каза болгон. Алдын ала маалымат боюнча анын жүрөгү кармап калган. Учурда маркумдун сөөгү моргдо.

Элчилик баланын ата-энесине бардык документтерди толтурууга көмөктөшүп, бирок 200-жүгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн каражат жетишпей жатат. Москвадагы мекендештер баланын жакындарына акчалай жардам көргөзүшүүдө. Кайдыгер эмес жарандар да 4276380153367581 Сбербанктын эсебине акча которо алышат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь