Екатеринбургда №012 жана №019 каттамдагы маршруттук унаалардын айдоочулары айлык маянаны көтөрүү талабын коюп ишке чыгышкан жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Алардын маалыматына караганда, иш таштагандардын баары Кыргызстандыктар болгон. Ал эми алар иштеген компаниянын өкүлдөрү жайкысын жүргүнчүлөрдүн саны азайганына байланыштуу айлык маяна төмөндөгөнүн билдиришкен.
Маалымат булактары билдиргендей, Өзбекстан жана Тажикистандан келген айдоочулар жумушка чыгышкан. Жалгыз гана Кыргызстандык айдоочулар позициясын бере элек. Андыктан, маселени чечүү жолдору табыла элек.
Ал эми Транспорттук мекеменин жетекчиси “айдоочулар каттамга техникалык мүчүлүктүктөрдөн улам чыкпай калган” -деп билдирген.