Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Швейцарияга учуп кетти

314

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда, Швейцариянын Президенти Ули Маурердин чакыруусунда расмий визит менен Швейцария Конфедерациясына учуп кетти.

Расмий визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын Президенти Ули Маурер, Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банкынын Төрагасы Томас Йордан менен жолугушат.

Соода-экономикалык, банк чөйрөлөрүнө, Кыргызстандын экономикасынын перспективдүү секторлоруна инвестиция тартууга, парламенттик демократияны курууга басым жасоо менен эки тараптуу кыргыз-швейцариялык мамилелерди илгерилетүү маселелерин талкуулоо пландалууда.

Экономика, финансы, туризм, региондорду таза суу менен камсыз кылуу жана башка чөйрөлөрдөгү документтерге кол коюу күтүлүп жатат.

Мамлекет башчысы ошондой эле Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугат, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.

Расмий делегация курамы:

Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков; Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков; Швейцариядагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Данияр Мукашев; Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров; Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова; Жогорку Кеңештин депутаты Абтандил Кулбараков; экономика министри Санжар Муканбетов; финансы министри Бактыгүл Жеенбаева; Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь