Азыр Бишкек абитуриенттерге толду. Жети облустан келгендер. Маршрутканын баары абитуриент! ОРТдан өткөнү дагы, өтпөгөнү дагы! Бул постту көптөн бери жазгым келген. Бир баамдап көргүлөчү?!

УЧУРДА… “Студент болом” деп келгендер жайнайт, бирок “Бир кесиптин ээси болом” деп келгендер саналуу эле. Бул экөөнүн ортосунда чоң айырма бар. Кээ бирөөлөр эмнеге келгенин дагы билишпейт. Суроо берип сөзгө тартсаң, апасын көздөй алайып качат. “Билбейм апам билет” деп коюп жүрүшөт. Ошондо окууну ким окуйт? Ата-энеби же өзүбү? Ооба, ата-эне баласы үчүн дайым жакшылык каалайт. Бирок кесип тандоо, окуу-жай тандоо, багыт тандоо процесстеринде баланы өз ою менен калтырыш керек го. Маселен, атасы стоматолог болсун дейт, апасы экономист болсун дейт, а бала такыр эле гянгирап билбей калат ким болушун. Ата-энелер өз ара жарышып, туугандарга мактаныш үчүн баласын “престиждүү” кесиптерге түртөт. Бала болсо макул дейт да кийинки 4 жылын аргасыздан адашып өткөрөт. Акырында, өлкөбүздүн кадрдык резерви гянгирбайларга толот.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН? Мындай көрүнүшкө ким күнөөлүү экенин так айта албайм. Мен эксперт эмесмин, бирок көргөндөрүм төмөнкүдөй:

1) Бала – өзү ким болом деп ойлонбойт, мектепте сүйүүгө башы айланып, курсагы ток болуп, тил окуп курстарга барат. Бирок ал курстарга эмнеге барып жатканын деле түшүнбөйт. Эптеп убакыт өткөрүп, трендден калбай курска барайын дейт. Тилди дароо унутат дагы, акчалар асманга учат. Кайран ата-энелер… Бала “кесибим кайсы болот?” дебей эле, биринчи орунга ОРТны коюп коёт. “ОРТдан канча алсам, ошого жараша кесип тандайм” деген ой гангирбаштардагы гангирбайлардын ою! Өтө туура эмес. Алгач багытты туура коюп туруп, ошого жараша ОРТга даярданса көпчүлүгү максатына жетмек! Баланы жаштайынан алдын ала ойлонуу, пландоо скиллстерине үйрөтүш керек. Кыска ойлонуп отуруп, өмүрүбүз да кыскарып атат окшойт.
2) Ата-эне – кесип тууралуу баладан качан кызыгып сурайт? 11-класста бир жолу сурайт! Же педсоветтен кийин, же бүтүрүү кечеден кийин. Кээ бир ата-энелер баланы Бишкекке алып келип туруп анан ЖОЖго келгенде сурайт!!!!!!!!!!! Мен мындайларды көргөм. ЖОЖго келип туруп анан тандашат факультетти((( Ата-энелерди сындагым келбейт. Өзүм ата-эне болгондо түшүнөттүрмүн. Бирок мен баламды кичинекей кезинен эле шыгын аныктаганга, өрчүтүүгө шарт түзүп берем. Менин балам 5-класска келгенде эле өзүнүн кесибине даярдык көрө баштайт. Баланын кыял, ой максаттарына көбүрөөк мамиле бурсак. Жогоруда айтылган “туугандарга мактануу” үчүн жасалган аракеттер балаңарды алсыз, туруктуу эмес, атаандаштыкта сапатсыз кылып тарбиялайт. Менин айланамда ошондой студенттер бар, “А” десең “Б” дейт.

3) Мугалим – ата-эненин ордун басып, баланы тапташ керек, акыл-насаатын айтып туруш керек. Реалдуу жашоодо “ремонтко акча кана?”, “ушу сенден адам деле чыкпайт”, “ким дежур?”, “эй оку деп атам китепти!” деп турат. Орустар айтмакчы, “душевный разговорлор” көп болсо, окуучу да өзүнө ишенип, бир нерсеге кызыгуусу жаралып калмак. Бактыма жараша, менин мугалимдерим мыкты чыкты! Мугалимдер китепте эмне жазылып турганды эмес, алгач өзү айтып берип, анан окуучу эмнени түшүнгөндүгүн сураса жакшы болмок. А бизде тескерисинче, сынакта китептеги аныктаманы толук жазбасаң “3” аласың.
4) Мамлекет же министрлик – ишти жөнгө салып коё турчу ушулар. Жакында эле “Азаттык+” программасына Билим берүү министрлигинен бирөө келди. Капкайдагы аз сандарды айтып, “буюрса кесипти өз алдынча тандоого багытталган пилоттук программалар ишке кирет”, “иштеп атабыз”, “баары жакшы”, “ОРТ көрсөткүчтөрү өсүүдө” деп баарын бейиш кылып туруп кетти. Сиз макулсузбу анын сөздөрү менен? Министрлик канчалык деңгээлде окуучунун тагдырына, анын келечегине кызыкдар? Кандай ойлойсуз?

Кыскасы, өлкөбүз билимдүү жаштарга толсун! Китептегини урдуруп жаттап алган эмес, практикада билимин чеберчилик менен колдонгон жаштар көбөйсүн! Рахмат, кесипкөйлөр!

Солтобек Эркин