Сузакта 11 жаштагы бала мыкаачылык менен өлтүрүлдү

238

Жалал-Абад облусундагы Cузак районунун Каңды айылында 11 жаштагы баланы өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

8-июль күнү саат 13:00дөр чамасында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн маркумдун денеси өз үйүнүн кире беришинен колу-буту скотч менен байланган абалда табылган. Денесинин бир канча жерине бычак сайылган.

Маалым болгондой, окуя болгон учурда үйдө өсүпүрүм эжеси менен болгон. “Сенден балаң аркылуу өч алдым” деген жазуусу бар кат табылгандыгы айтылды.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө улантылып жатат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь