9-июлда Аксы районунда катуу жааган нөшөрдөн улам сел жүрдү. Мундуз айылындагы тоолордо кыян жүрүп, ички жолдорду алып кеткен.
Сел алган жолдор жабылып, айыл эли жарыксыз калгандыгы маалым болду. Ошондой эле ГАЗ-53 автоунаасын жана бир жеңил унааны сел агызып кеткен. ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчилиги кырсык болгон аймактарда иш алып барууда.