Кырсыкка кабылган депутаттын абалы боюнча анын өкүлү билдирүү жасады

195

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы жол кырсыгына катышкан Бишкек шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобековдин өкүлү Каныбек Жакшыбаев окуя боюнча пикирин билдирди.

Ал кырсык учурунда BMW X-7 унаасын Элдияр Халмурзаев деген бала айдап баратканын, жанында Темирлан Токобеков, артында дагы бир Азамат деген жигит отурганын айтууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги жазды.

Автоунаа Бишкектеги BMW борборуна таандык. Элдияр Халмурзаев ал фирмада айдоочу болуп иштечү. Ошол компаниянын автоунаасын алып, командировкага кеткен экен. Бизге жеткен маалымат боюнча BMW саатына 70-80 чакырым ылдамдыкта өз жолу менен бараткан. Lexus сол тарапка бурулуп жатканда кагышыптыр. Ал унаанын айдоочусу УКМКнын кызматкери экен“, — деди Жакшыбаев.

Ошондой эле ал депутаттын жакындары кырсыктан каза болгон балдардын тажыясына барып, жаназасына катышканын билдирди.

“Кырсык деген кырсык экен, ар бир адамдын башында бар. Мындай болорун эч ким күткөн эмес. Азырынча эсч кимге күнөө кое албайбыз. Иштин акыйкат тергелишине биз дагы ынтызар болуп турабыз. Тергөөгө тоскоолдук кылып, видео жазууларды өчүрткөн эмеспиз. Темирлан Токобеков жүргүнчү катары баратканын жана унаа ага таандык эместигин дагы бир ирет белгилеп кетем. Ушундай кырсыктан саясат жасабай эле коюуну суранат элек”, — деп кайрылды Жакшыбаев.

Сөзүнүн аягында ал  Темирлан Токобековдун абалы учурда орто экенин кошумчалады. Буга чейин Бишкек шаардык травматология жана ортопедия борборунун директору Сабырбек Жумабеков анын мээси чайкалып, жамбашы сынганын айткан. Депутаттан сырткары, унаада бараткан эки жигиттин абалы да орто экенин маалымдаган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь