Жайылдагы окуучунун өлүмүнөн кийин мектеп директору иштен алынды

366

Жайыл районундагы Ново-Николаевка мектебинин директору 11 жаштагы баланы автоунаа коюп кеткен окуядан кийин иштеп алынды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен ,билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 9-июлда болжол менен саат эртең мененки тогуздар чамасында Бишкек — Чалдовар жолунун 59-чакырымында болгон.

22 жаштагы айдоочу Honda Fit автоунаасы менен келе жатып, 11 жаштагы окуучуну койдуруп кеткен. Милициянын айтымына караганда, бала жолго чуркап чыга калган.

Министрликтен Ново-Николаевка мектебинин директорун иштен алуу чечимин Жайыл райондук билим берүү бөлүмү чыгаргандыгын айтышты.

“Мектептин директору окуу планды бузган. Андыктан, окуучулардын эмгек практикасы каралган эмес, ал эми директор окуучуларды кээ бир иштерге тартууга буйрук берген. 5-класстын окуучусу мектепке эмгек практикасына келе жатып каза болду”, — деп билдиришкен министрликтен.

Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь