Жалал-Абадда КаМАЗ 11 жашар кызды өлтүрө сүзүп кетти. Айдоочу: “сүзгөн эмесмин”

534

Бүгүн 10-июлда Жалал-Абад шаарынын Роза Азимова көчөсүнөн жүк ташуучу унаа 11 жаштагы Р.А. аттуу кызды коюп кеткен. Жаш кыз алган жаратынан улам ошол жерден жан берип, ал эми айдоочу из жашырган.

Бул тууралуу Элдик Медиага облустук Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында, ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында сүзүп кеткен КаМАЗдын айдоочусу иштеген жеринен кармалып, ал 1964-ж.т. жаран болгон.

Азыр бул окуянын чоо-жайы такталып жатат. Айдоочу тергөө бөлүмүнө келип сурак берди. Анын көрсөтмөсүндө кызды сүзгөнүн төгүндөгөн. “Жаш кыз унаанын артына илинип кеткен окшойт, мен байкасам токтоп жардам бермекмин, көргөн эмесмин” деген көрсөтмө берип жатат“,-деди инспектор.

Ошондой эле окуя видеобайкоого түшүп калганын кошумчалады. Аталган факт боюнча тергөө иштери уланууда.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь