Москвадагы миллиардердин баласынын өлүмүнө 22 жаштагы кыргыз таксист күнөөлөнүүдө (видео,сүрөт)

409

Москвадагы резонанстуу жол кырсыгына Кыргызстандык 22 жаштагы А.И. күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу  Kginfo.ru жазды.

8-июлда Москвадагы Фрунзе набережныйда мотоцикл менен такси унаасы кагышкан. Таксист 22 жаштагы кыргызстандык бала болгон. 9-июлда Таган райондук соту Кыргызстандын жаранын эки айга камакка алганы кабарланды.

Такси айдоочу жашыл жанганда жылып баштаганда, мотоциклист өтүүгө үлгүрбөй калган. Ал катуу ылдамдыкта келип таксиге сүзүлгөн. Натыйжада транспорт каражаттардын экөө тең күйүп кеткен. Мотоциклде бара жаткан адам алган жаратынан улам кийин жан берген. Каза болгон 25 жаштагы Александр аттуу бала Россиядагы миллиардер Владимир Маруговдун баласы болуп чыккан.  Ал эми кыргыз бала жеңил жаракат алгандыгы жазылат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь