Кыргызстандык балбан Нуржигит Кеңешбек уулу жаштар арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты. 67 кг салмакта күч сынашып жаткан Нуржигит чечүүчү беттеште ирандык Бахрам Тайяр Маруфхани Имчех менен алтын медаль үчүн күрөшөт.

Нуржигит Кеңешбек уулу мелдештин чейрек финалында корей спортчу Минсьонг Паркты 11:2 эсебинде утуп, жарым финалда өзбекстандын балбаны Умиджон Ахроровду 4:3 эсебинде уткан.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча 16:00дө башталат. Бул мелдешти unitedworldwrestling.org сайты түз алып көрсөтүп жатат.

Учурда грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Азия биринчилиги Таиланддын Чонбури шаарында өтүп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: